Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов "Единая экономическая комиссияга» министр болуп дайындалганы жатат. Бул тууралуу "Чоң казатчы" Асхат Осмонов Фейсбук баракчасына жазды.
"Урматтуу Чонказатчылар, Орозо бүткүчө тынч эле турайын деп ойлогом.
Бирок, Максат Мамытканов "Чон Казат" партиясынын мөөрүн көтөрүп алып, "Единая экономическая комиссияга» министр болуп кетип калганы калды.
Мамыткановду "Чон Казат" элдик кыймылынын атынан дебатка чакырайын деп чечтим.
Бүт айтылуучу сөздөрдү элдин астында айтайын. "Жүзмө жүз, эркекче" чечейин десем, сөзгө келчүүдөй эмес.
Эл билсин. Эртең эл айтпасын, эмнеге жаманды жашырдыңар?
Эмнеге партияны ыдыраткан кишини, чоң кызматка жибердиңер дебесин.
Тарых үчүн.
Туруп бересиңерби?",- деп билдирүү калтырган Осмонов.
Пикирлер (2)