Бугу 21, 2024
Убакыт: 17:40
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Максат Сабиров: Маалыматты манипуляциялоо мыйзамы керек

25.06.2020 11:14
1425
Максат Сабиров: Маалыматты манипуляциялоо мыйзамы керек


Жогорку Кеңеште жана коомчулукта кызуу талкууга айланып жаткан депутат Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу анын кесиптеши, парламент депутаты Максат Сабиров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине өзүнүн пикирин билдирди.


Анын ою боюнча, бул мыйзам долбоорунун таптакыр кереги жок деп жокко чыгарууга болбойт. Негизинен учурдагы системаны, азыркы жалган маалыматтар менен алектенип, моралдык жактан эмес, материалдык жактан тез баюуну максат кылган журналист, блогерлердин аракеттерин эске алганда мындай мыйзам керек. 


Жалпысынан социалдык түйүндөрдү, сайттарды жаап, алардын ишмердүүлүгүн чектеп коюу туура эмес. Бирок жалган маалымат менен алектенип, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирип же адамдын психологиялык абалына терс таасирин тийгизе турганын аныктоо, ага карата чара көрүп, жазага тартуу менен ирээттештирүү багытында болушу керек деп ойлойм. Албетте, ар бир мыйзамдын эки жагы бар. Ошол эле учурда сөз эркиндигине, демоктратиялык баалуулуктарга доо кетпеши керек”, - деди эл өкүлү. 


Ал белгилегендей, бул мыйзам парламентте каралуу менен көпчүлүк депутаттар тарабынан ар кандай сунуш-пикирлер айтылып, талкуулар болот.  “Менин оюм боюнча дагы көптөгөн түзөтүүлөр кирет”, - деп кошумчалады Сабиров. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн