Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 14:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Максат айылында тажик аскерлери кыргыз жаранын атканы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Тажикстан күнөөсүн мойнуна алды

23.12.2021 10:52
627
Максат айылында тажик аскерлери кыргыз жаранын атканы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Тажикстан күнөөсүн мойнуна алды

Баткен жана Согди облустарынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар окуянын хронологиясы жана анын орун алган жери көрсөтүлдү.


Жыйынтыгында:

1. Тажик тараптын өкүлдөрү күнөөлөрүн моюнуна алышты жана мындан ары курал колдонуулар кайталанбашы айтылып, тажик тараптан күнөөлүүлөр жоопко тартылуусу кыргыз өкүлдөрүнө билдирилди.

2. Кыргыз тараптан сунушталган биргелешкен териштирүүдөн тажик тарап баш тарткандыктан, эки тарап ар кимиси өз аймагында териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгы тууралуу бири-бирин маалымдоо макулдашылды (Тажик тараптан териштирүүнү Аскердик прокуратурасы жүргүзүүдө).

3. Эки тараптан өздүк курам арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү жана жакынкы кыска мөөнөттө чек ара заставалардын башчылары менен биргелешкен сабактарды уюштуруп өткөрүүнү макулдашты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн