Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Максат айылында тажик аскерлеринин кыргыз жаранынын атканы боюнча УКМКнын билдирүүсү

22.12.2021 17:15
1103
Максат айылында тажик аскерлеринин кыргыз жаранынын атканы боюнча УКМКнын билдирүүсү

Бүгүн Баткендин Лейлек районунда тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргыз жараны жаракат алды. 


УКМКнын чек ара кызматы төмөндөгүдөй маалымат берди: 


Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз жараны Лейлек районунун Максат — Жаштык жолунда КаМАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кетип бара жаткан. Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан. Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен. Чек арачылар КаМАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан. Ок чыгаруудан айнектер сынып, ал сыныктардан айдоочу жаракат алган.


Учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Ганчинский районунун чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп жатканы кошумчаланды.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алиев Сагынбай.
Элди кыжалат кылып, абалды курчутпай чечпейси6ерби! Чекара маселесин К. Кадыршаевич өз көзөмөлүнө жоопкерчиликти албады беле! Маселе тыкыр иликтенип чечилбесе, "үйдө баатыр жоодо жок" - жыгач генерал атка коносуз!!!