Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Максат ажы Токтомушев УКМК тарабынан кармалды

10.02.2021 22:33
1784
Максат ажы Токтомушев УКМК тарабынан кармалды
Кыргызстандын бүгүн кызматтан алынган муфтийи Максат Токтомушев кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.

Буга чейин  Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча УКМК КМДБнынбашкы бухгалтери Ж.Б.ны кармаган.

"Тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, муфтий Максат ажы Токтомушевдин бул кылмышты жасоого катышы бар экендиги, ошондой эле ажылык сапарга баруучулардын салымдарын кошкон акчалай каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу далилдер табылды", деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу Максат ажы Токтомушев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 
"Жогоруда аталган иш боюнча тергөө уланууда. Мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарга юридикалык баа берилет", - деп билдирди УКМК.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жумаева Наргиза Нурлановна
Ассалоому алейкум ва рахматуллохи ва баракатух. Мумкун, баары туура эмес тушунуп кеткендир ажы боюнча...мумкун ал адал жолуна кеткендир. Бир Аллахым коруучу, билуучу...Аллахым озу жардам берсин, эгер адилеттуу болсо ажыбыз,аминь????