10-февралда муфтий Максат ажы Токтомушев кызматтан кеткенин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтомушев өз каалоосу менен арыз жазган.
Бүгүн КМДБда жолугушуу болуп, анда ал жамаат менен коштошкон.
Эртең менен УКМК ажылык сапарга баруучулардан алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталгандыгы тууралуу маалымат берди. КМДБнын башкы эсепчиси камакка алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн