Муфтий Максат ажы Токтомушевдин тарапкерлери Өкмөт үйүнүн имаратынын жанында пикет өткөрүп жатышат.
Эртең менен алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанына чогулуп, бир нече саат ошол жерде болуп, өкмөткө барууну чечишти.
Президент Садыр Жапаровго 40тай жакын адам кайрылды. Алар муфтийге козголгон ишти мыйзамдуу түрдө кароону суранышып, аны үй камагына чыгарууну талап кылышууда.
Муфтий Максат ажы Токтомушев 10-февралда ажылык сапарына чогулган акчаны мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн