Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 20:13
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Максатбек Токтомушев маркум Искендер ажынын үй-бүлөсүнөн кабар алды (фото)

20.07.2020 09:10
1360
Максатбек Токтомушев маркум Искендер ажынын үй-бүлөсүнөн кабар алды (фото)


Кечээ, 19-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев маркум Искендер ажы Калмуратовдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакын санаалаштары менен бирге 40 миң сом акчалай жардам көрсөттү, деп билдирди Муфтияттын басма сөз кызматы.

«Искендер ажы менен 1992-жылы таанышкан элек. Абдан тырышчаак, боорукер, жүрөгү жумшак, кайрымдуу жигит эле», - деди муфтий.

Ошондой эле ал маркумдун уулу Умар бой жетип калганын белгилеп, жакшы окуп, билимдүү болуусун тиледи. Дайыма ата-энесинин атын даңазалап, кыргыздын атын алыска тааныткан азаматтардан болуусун каалады.

Андан соң Алла Тааланын сөзү болгон ыйык Куран окулуп, Искендер ажы Калмуратовдун арбагына багышталып дуба кылынды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн