Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:26
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Максатбек ажы Токтомушев чырдуу видео боюнча үн катты

23.02.2021 06:32
1918
Максатбек ажы Токтомушев чырдуу видео боюнча үн катты

Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев социалдык тармактарда  тараган чуулуу видео боюнча үн катты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Анда ажы элди сабырдуулукка чакырып, алдын ала чечим чыгарбоого үндөгөн.


"Ассаламу алейкум рахматуллохи ва баракатуху кыргыз элим. Сиздерге ушул кайрылууну туура көрдүм. Окуп коёсуздар деп ишенем. Буйруса, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн көп нерселерди айтпай келдим. Мына бүгүнкү видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын: шашылыш чечим чыгарбай, эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби, бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, тескери мааниге ээ кылышыптыр. Элибиздин тынчылыгы үчүн көп нерсеге көз жумуп келгем. Эми биз деле айта турган күн келиптир. Ошондуктан алдын ала адамды каралабай, сын такпай, бираз сабыр кылып туруңуздар сураныч. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо анан сөздү да айтабыз, сиздерди да угабыз. Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Аллах Таалам жүзүбүздү жарык кылсын жана жүрөктөрдү ыйманга толтурсун. Жай эс алыңыздар. Сиздерди колдойт деп ишенем", - деп билдирүү калтырган Максатбек ажы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн