Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Максатсыз көчөгө чыккандар жоопкерчиликке тартылат, - Боронов

24.03.2020 17:12
755
Максатсыз көчөгө чыккандар жоопкерчиликке тартылат, - Боронов


Жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын бардык күчтөрүн жана мүмкүндүктөрүн күчтөндүрөбүз, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри онлайн режиминде катышкан республикалык ыкчам штабдын жыйынында. 

«Укук коргоо органдары адамдардын кыймылын болушунча кыскартуусу зарыл. Калктын саламаттыгын сактоо максатында катуу чаралар көрүлөт, болбосо кесепети кейиштүү болушу мүмкүн. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун толук түшүнүп, сунуштамаларды так аткаруулары керек», - деди ал.

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, мамлекеттик органдардын жана бюджеттик уюмдардын бардык кызматкерлери мажбур болгон өргүү күнүн алганына карабастан, эмгек акыларын алышат. Мыйзамга ылайык өзгөчө абал учурунда кызматкерлерин бошотууга жеке уюмдардын укугу жок. 

Ыкчам штабдын мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин өзгөчө абал режимин аткарууга түздөн түз тиешеси жок белгилүү бир бөлүгүн аралыктан иштөөгө которуу, ошондой эле эмгек өргүүсүнө чыгаруу маселелерин карашты. 

Жыйындын катышуучулары белгилегендей, Россия Федерациясы жана Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга жардам көрсөтүп жатышат, кыргыз тараптын муктаждыгына медициналык буюмдарды жана жекече коргонуу каражаттарын (беткаптар, коргоочу кийимдер, тепловизорлор) жөнөтүштү.

Жыйында белгиленгендей, үй карантини эрежелерин бузуп, көчөгө чыгууну каалагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык органдарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде жергиликтүү бийлик органдарына коронавирус ырасталган жарандар менен байланышта болушу мүмкүн болгон бардык адамдарды кайра текшерүү милдеттендирилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн