Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:20
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Мал багып берем деп башка адамга сатып жиберген жаран кармалды

07.09.2022 14:12
374
Мал багып берем деп башка адамга сатып жиберген жаран кармалды

Сокулук районунда жарандын малын багып берем деп, аны сатып салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Сокулук райондук милициясына арыз менен Т.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ушул жылдын жай мезгилинин башында Э. аттуу жаран арыз ээсинин бир тайын айына 1 миң сомдон багып берем деп алып, башка адамга сатып жибергени жазылган.

Аталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен катталып, иш козголгон.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Д.Э. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө уланып жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн