Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Малдан айырмасы жок! Депутат тартипсиз айдоочуларды жазалоого чакырды

20.02.2024 12:26
191
Малдан айырмасы жок! Депутат тартипсиз айдоочуларды жазалоого чакырды


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында Бишкектеги тартипсиз айдоочуларды жазалоого чакырды.


"Катуу тийсе кечирим сурайм, бирок айрым айдоочулардын малдан айырмасы жок болуп калды. Ордо калаанын чок ортосунда автоунаа айдап баратып жолго түкүрүп, терезесин ачып чылым чегип, керек болсо таштанды ыргытып жатышат", — деди депутат.


Эл өкүлү мындай айдоочуларга чара көрүш керектигин айтып, аларды сүрөт, видеого тарткандарга сый акы берүүнү сунуштады. Икрамов түндө унаасын катуу айдап шаардыктардын уйкусун бузгандарды да тыюуга чакырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн