Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Малды экспорттоого коюлган чектөө алынабы?

16.02.2021 09:23
506
Малды экспорттоого коюлган чектөө алынабы?

Депутат Бейшеналы Нурдинов өкмөткө малды сыртка сатууга салынган тыюуну алып салууну сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.


Эл өкүлү өкмөткө сунушун айтып, токтом күчүн жоготооруна эки айдай эле убакыт калганын, малчылар өз малын сата албай чоң чыгымга дуушар болуп жатышкандарын белгиледи.


"Мен бул маселени бир топ жолу көтөрдүм, өкмөттүн өкүлдөрү өз чечиминин тууралыгын тыюунун алынып салынышы ички рынокто эттин баасынын кымбаттоосуна алып келет деп аргументтеп жатышат. Бирок, эттин баасы 450 сомдон араң эле 420 сомго түштү", - деди Нурдинов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн