Мамлекеттик материалдык резервден Ош шаарындагы 1000 үй-бүлөгө ун таратылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Ош шаарына 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнүп, 5-апрелде жардамдын алгачкы партиясы-50 тонна ун шаардагы 605 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 395 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таркатылган.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жардамдын биринчи бөлүгүндө ундар 1000 үй-бүлөгө берилээрин айткан.
“1000 кап ун бөлүштүрүлүп берилди. Калган 80 тонна ун дагы аярлуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилет. Ошондой эле, демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүү үчүн мэрияда атайын эсеп ачылган. Бул эсепке мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер салымдарын кошуп жатат. Бүгүнкү күндө бул эсепке 3 млн. сомдон ашык акча каражаты түшкөн. Мындан сырткары, шаардын ишкерлери, активдүү жарандары, кайрымдуулук фонддору аркылуу жардамдар көрсөтүлүп жатат. Анын ичинен 46,4 тонна ун, 1 тонна макарон, 1,8 тонна өсүмдүк майы, жарым тонна күрүч, аз камсыз болгон жарандарга жеткирилди. Ал эми, медициналык жана милиция кызматкерлерине, санитардык-карантиндик посттордо тургандарга медициналык каражаттар берилип, ысык тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз болууда”, - деген Сарыбашов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн