Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов белгилүү өнөр адамы Малик Аликеев менен байланышып, анын абалын сурады. Бул тууралуу министр социалдык баракчасына жарыялады.
“Малик Аликеев агабызды жакындан көрүп келүүнү кааладым эле, бирок Таласта болгондугуна байланыштуу видео байланыш менен чыгууга туура келди. Көпкө сүйлөштук, акыбалын, чыгармачылыгын талкууладык. Министрлик тараптан бир канча колдоо көрсөтөөрүбүздү (операциясына) жана бул жылы 31-августка карата албеттүү түрдө сыйлыка көрсөтөөрүбүздү билдирдим”, - дейт ал.
Белгилей кетсек, буга чейин М.Аликеевдин төшөктө жатып ырдаган видеосу тарап, кызуу талкууга алынган. Анын ооруп жатканын айтып, жардам берүүнү каалагандар да чыккан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн