Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Малик Аликеев ооруканага жаткырылып, президент ага материалдык жардам берди (фото)

17.06.2020 10:34
1532
Малик Аликеев ооруканага жаткырылып, президент ага материалдык жардам берди (фото)

Белгилүү ырчы Малик Аликеев Таластагы жашап жаткан үйүнөн Бишкек шаарындагы №4 оорукасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүнө жайгаштырды. Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Аликеев жаткан ооруканага барып кабар алып, Президенттин атынан материалдык жардам тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

 

"Алдын ала маалымат боюнча Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы күтүлүүдө. Аликеевге буга чейин кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жерине (эки жагына тең) операция жасалган болчу. Бүгүнкү күндө операцияга даярдык көрүү иш-аракеттери жүрүп жатат. Аликеевдин учурдагы ден соолугу жана анын чыгармачылыгы эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө болот" , - деп айтылат Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тараткан билдирүүдө. 


Жолугушуу учурунда Малик Аликеев кубанычын жашыра албай, мамлекет тарабынан жана жалпы элдин мындай колдоосу болуп турганда “Малик Аликеев таңшып, ырдап, кайрадан сахнага келип көрүүчүлөрдү кубантат”- деп билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн