Бештин айы 09, 2023
Убакыт: 13:32
USD
89.30
89.72
EUR
96.00
97.00
RUB
0.965
0.985

Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

19.01.2023 12:57
834
Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү


 

Бүгүн,19-январда Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.


Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков катышты.


Канымет Осмонбеков, өз сөзүндө Малик Аликеевдин кайталангыс нукура талант экенин белгилеп, анын экинчи өмүрү ал аткарган чыгармалар аркылуу элдин эсинде кылымдарга сакталып каларын айтты.


  Малик Аликеев 54 жашта болчу. Ал "Мөлмөлүм", "Арзыкан", "Таласым" сыяктуу бир нече ырларды аткарып таанымал болгон. Филармониянын алдында түзүлгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобунда 16 жашынан бери эмгектенип келген. Маркумдун артында 1 уул, 1 кызы калды.

 

 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн