Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Малик Нурдинов Ош шаарынын коменданты болуп дайындалды

24.03.2020 13:07
713
Малик Нурдинов Ош шаарынын коменданты болуп дайындалды


Малик Нурдинов Ош шаарынын коменданты болуп дайындалды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат,  Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды. Аны Кыргыз Респаубликасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров тааныштырды. 


Белгилей кетсек, өзгөчө абал киргизилгенде же мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаал түзүлгөндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын, улуттук коопсуздукту, жарандык коргоону, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат. 


Өзгөчө абал режимин камсыздаган күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну ишке ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө акт кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн