Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

МамДума Кыргызстандын жарандарына РФда айдоочу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо

04.09.2023 11:49
256
МамДума Кыргызстандын жарандарына РФда айдоочу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо


Мамлекеттик Дума Кыргызстандын жарандарына Орусия Федерациясында айдоочу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо. Россиянын укугу менен гана айдоочу болуп иштөө укугун караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ ченемдик укуктук актылар порталында жайгаштырылган.


Документтин түшүнүк катында азыркы “Жол коопсуздугу жөнүндө” мыйзам Кыргызстандын жана орус тили расмий деп таанылган өлкөлөрдүн жарандарына автобус же такси айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берери айтылат. Бирок долбоорду иштеп чыгуучулар мыйзамдан мындай жобону алып салууну сунуштап жатышат. Ошентип, жакынкы келечекте эч кандай альтернативасыз эле орусиялык укуктун негизинде айдоочу болуп иштөөгө уруксат берилет.


Кошумчалай кетсек, демилгенин авторлору түшүндүрмө катында кырсыктарга көбүнчө Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения жана Азербайжандын жарандары күнөөлүү экенин баса белгилешкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн