Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев коомдук транспорт боюнча маселе көтөрдү.
"Жыл сайын коомдук транспорт боюнча көйгөй жаралат. Бүгүн дагы маршруттук таксилердин айдоочулары эмес, алардын ээлери, 5-6 уюштуруучу баш аламандык уюштуруп жатышат. Мэрия менен маселени чечишип албайбы? Элде эмне күнөө? Ар жылы ушундай болуп жатат. Буга биз кийлигишпесек болбой калды. Протоколдук тапшырма берип, карайлы. Автобустарды алып келип, маршруттук таксилердин лизенцияларын алып салуу керек", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн