Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Маматалиев: Муфтийди коррупция менен айыптаса, эртең элди динге кантип чакырабыз?

11.02.2021 18:57
752
Маматалиев: Муфтийди коррупция менен айыптаса, эртең элди динге кантип чакырабыз?

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Максат ажы Токтомушевдин камалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Урматтуу мекендештер!

Муфтийдин камалуусу боюнча пикиримди билдирип коёюн деп чечтим.

Кыргызстан укуктук мамлекет. Эгерде кимдир бирөө кылмыш жасаса ал кандай гана даражада турбасын же кызматта иштебесин сөзсүз жазага тартылууга тийиш. Ар бир адам күнөөсү үчүн жооп берүүсү керек.

Ал эми муфтийдин камалуусу боюнча айтсак, мындай ишке өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек.

Кыргызстандын 90 пайызы мусулман калк, ушунча адамдын башында турган кишини паракорлукка айыптоо көп туура эмес иштердин башын башташы мүмкүн. Эртең динге чакырууда дагы мындан аркы аракеттер өтө оор болуп калат. Азырынча күнөөсү деле тактала элек, үй камагына чыгарып деле териштире берсе эч ким нааразы болмок эмес.

Дин чөйрөсүнө өтө назиктик менен мамиле кылуу керек деп эсептейм. Менимче укук коргоо органдары ойлонуп, үй камагына чыгарса керек деген ойдомун.

СИЗ КАНДАЙ ОЙДОСУЗ?" ,- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн