Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 18:22
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Мамэкотехинспекциясынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталды

24.01.2020 13:37
705
Мамэкотехинспекциясынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталды


Коопсуздук кеңеши Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну өкмөткө сунуш кылды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жыйындын жүрүшүндө билдирди.

“Мурда Мамэкотехинспекциясынын 6 кызматкери системалык түрдө пара алып келгендиги үчүн кармалган, ошондой эле жетекчилик тарабынан Коопсуздук кеңешинин чечимин жүзөгө ашырууда олутту бузууларга жол берилген”,- деди Д.Сагынбаев.

 “Мамэкотехинспекциясынын жетекчиси кызматкерлери кармалгандан бир ай өткөндөн кийин гана аларды кызматтан бошотуп отурат. Ал эмнени күтүп отурган?”,- деп кошумчалады Президент.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн