Эл аралык коомчулук азыр Кыргызстанга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов "Азаттык" үналгысынын түз эфиринде билдирди.
"Азыр Кыргызстанда өтө турган шайлоого эл аралык коомчулук тыкыр көз салып жатат. Анткени бизде таза эмес шайлоодон көтөрүлүш чыгып, бийлик алмашты. 10-январда президенттик гана шайлоо эмес референдум да өткөргөнү турабыз. Башкаруу системасы кандай болот деп турган чагы. Мисалы, бүгүн 315 эл аралык байкоочу шайлоого көз салуу үчүн катталды",- деди Мамытканов.
Пикирлер (1)