Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мамытканов: Эл реформалар күнүмдүк турмушка кандай таасир берерин билүүгө тийиш

02.12.2020 16:29
764
Мамытканов: Эл реформалар күнүмдүк турмушка кандай таасир берерин билүүгө тийиш

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамыткановдун төрагалыгында укук коргоо органдары менен сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Вице-премьер-министр белгилегендей, сот тутумун реформалоо бир топ убакыттан бери жүрүп келе жаткандыгына карабастан, коомчулук реформалардын максаттары жана милдеттери жөнүндө так түшүнүккө ээ эмес жана калктын бул боюнча маалыматы аз.

«Жүргүзүлүп жаткан реформалардын маңызын калкка жеткирүү керек, өлкөнүн ар бир жараны бул реформалар ага күнүмдүк турмушта кандай таасир этерин билүүгө тийиш», - деди Максат Мамытканов.

Ошондой эле вице-премьер-министр сот системасын реформалоонун алкагында мамлекеттик органдар тарабынан автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды киргизүү жана укук коргоо органдарынын ишине жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын көлөмү чоң экендигин белгиледи. Ошол эле учурда соттук-укуктук реформаны ишке ашыруудан коомчулуктун үмүтү чоң, буга байланыштуу укук коргоо органдары бул багытта ишти күчөтүшү керектигин кошумчалады.

Андан соң жыйындын күн тартибине ылайык, укук коргоо органдарынын ишиндеги актуалдуу көйгөйлөр жана кемчиликтер, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.

Соңунда вице-премьер-министр мындан аркы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча, анын ичинде жаңы демилгелерди иштеп чыгуу жана реформалардын алкагында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды берип, натыйжалуулукка жана өз убагында чечим кабыл алууга өзгөчө көңүл бурду.

«Бардык иш-чаралар өз убагында аякташы керек, ошондой эле соттук-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Өкмөт тараптан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө коомчулукка маалымдоо үчүн маалыматтык аянтчасын түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек», - деди Максат Мамытканов. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
ЖАНЫЛ БОТАЕВА
ЭЛГЕ ТОЛУК ТУШУНУКТУУ КЫЛЫП ЖЭТКИРГИЛЕ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ