Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:17
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мамытканов: Өлкө тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот

07.01.2021 13:21
1157
Мамытканов: Өлкө тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот


Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри  Максат Мамытканов үстүбүздөгү жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штабдын кеңешмесин өкөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктар жыйынтыкталуу алдында турат.                                  


«Учурда бардык шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилүүдө, алар иш алып барууга даяр. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык күч-аракетти багыттагандыгын ишенимдүү түрдө айта алам», - деди ал.


Андан соң Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана мамлекеттик орган жетекчилеринин маалыматы угулду.


Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүү жана ага даярдык көрүү маалында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун жана коронавирус инфекциясынан сактоону камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыккан.


Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоосун уюштурууда мамлекеттик орган жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлгөн.


Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө 2021-жылдын 9-10-январында «түз байланыш» иштейт, ал аркылуу чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана баша талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдоого болот.  


«Республиканын жарандарынын шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот», - деп жыйынтыктады Максат Мамытканов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Жалган.Ыплас болот