Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мамытов ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялады

06.01.2021 18:36
703
Мамытов ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялады

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 2-декабрында кабыл алынган.

Аталган Протокол менен Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 321-беренесинин 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүүдө жеке багажы текшерүүгө жатпай турган адамдардын тизмеси такталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн