Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мамытов: Кыргызстан кыйынчылыктарга карабастан ЖККУнун алкагындагы милдеттенмелерин татыктуу аткарып келет

02.12.2020 16:43
451
Мамытов: Кыргызстан кыйынчылыктарга карабастан ЖККУнун алкагындагы милдеттенмелерин татыктуу аткарып келет

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда, Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу бүгүнкү сессия кыйын мезгилде — коронавирус пандемиясы адамзаттын негизги көйгөйүнө айланып, дүйнө түзүмүнүн бардык тутумуна, анын ичинде дүйнөлүк экономикага жана соодага терс таасирин тийгизген учурда өтүп жаткандыгын баса белгиледи.


Талант Мамытов ошондон улам биринчи кезекте, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда социалдык-гуманитардык мүнөздөгү кесепеттердин баары чыгып жатканын кошумчалады. Ал өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга токтолду.


«Окуялардын чоо-жайына токтолбой эле коеюн, анткени менин кесиптештерим бул тууралуу жетиштүү деңгээлде маалыматтары бар деп ойлойм. Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө биз үчүн баарынан маанилүүсү 2020-жылдын 4-октябрында өлкөдөгү парламенттик шайлоодо кетирилген кемчиликтерди жоюп, элдин талаптарын ишке ашырууга карата багыт алуу болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал калыбына келди. Кыргыз Республикасы бардык эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган эки жана көп тараптуу эл аралык келишимдерин так жана толук аткарат. Мамлекеттик бийлик органдары кадимки режимде өз ишин улантууда», — деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов ошондой эле 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоо өтө тургандыгын белгилеп, буга байланыштуу бийлик органдары шайлоону адилеттүү жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирди. Анткени бул өлкөдөгү кырдаалды мындан ары турукташтырууда маанилүү кадам болот.

Бул өңүттө ал үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрындагы Кыргызстандагы окуялар маалындагы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын принципиалдуу көз карашын белгилеп, алардын кырдаалды түшүнүп, өлкө үчүн оор мезгилде колдоо көрсөткөндөрүнө терең ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу дүйнө жүзү өзгөрүп баратканын ачык моюнга алуу керектигин, дүйнөлүк экономикадагы карама-каршылыктар адамзаттын ансыз да татаал болуп келген социалдык көйгөйлөрүн ого бетер курчутуп жаткандыгын баса белгиледи.

«Глобалдашуу жана жаңы технологиялык процесстердин өнүгүүсү менен бирге жер жүзүнүн жаратылыш ресурстарын ыраатсыз пайдалануу экологияда чоң көйгөйлөрдү жаратты. Жакырчылык жана жумушсуздук өнүгүп келе жаткан экономикалар үчүн чыныгы дартка айланды. Буга байланыштуу дүйнөнүн айрым булуң-бурчундагы социалдык-саясий туруксуздук дүйнөлүк коопсуздуктун бүткүл тутумуна реалдуу коркунуч жаратууда. Бир нерсе айдан ачык болуп турат — дүйнө бүгүнкү күндө иш-аракеттердин жаңы ыкмалары менен принциптерине муктаж. Дүйнөлүк өнүгүүнүн ушул факторлорунун баары ЖККУга мүчө-мамлекеттерден эч качан болуп көрбөгөндөй макулдашылган жана жамааттык аракеттенүүнү талап кылууда. Бүгүнкү күндө ЖККУ аймактык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу милдеттерин чечүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ», — деп айтты Президенттин милдетин аткаруучу.

Бул жаатта Талант Мамытов Россия Федерациясынын ЖККУдагы, тактап айтканда, анын Кавказда гана эмес, башка татаал региондордогу кырдаалды турукташтыруудагы өзгөчө ролун баса белгиледи.

«Жалпысынан, Россия Федерациясынын төрагалыгы жана эң башкысы 2020-жылдагы иш-аракеттери ЖККУну көп жагынан бекемдеп, аны өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун аныктады деп эсептейм» — деп кошумчалады Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү 2020-жыл Уюмга мүчө-өлкөлөр үчүн өзгөчө жыл экенин баса белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы биз Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын бирге белгиледик. Дал ушул Жеңиш биздин элдердин башын бириктирип, алдыга карай жол көрсөткөндүгүн өзгөчө белгилеп кетишим керек. Ошол коркунучтуу согушта адамдык жана материалдык ири жоготууларга учураган биздин элдерибиз бүгүнкү күндө достуктун, өз ара жардамдашуунун жана биримдиктин баркын билишет. Буга биздин өлкөлөрдүн ЖККУнун жана башка абройлуу уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташуусу күбө боло алат. Жалпы тарых, бийик союздаштык дух жана өз ара колдоо Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун негизги бириктирүүчү бөлүктөрү болуп саналат», — деп белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов Россиянын Президенти Владимир Путинге, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана башка өнөктөштөргө коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттери менен күрөшүүдө Кыргызстанга дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

«Чогуу жасаган иштерибиздин натыйжалары бул оор сыноону биргелешип гана жеңе аларыбызды көрсөттү. Дайыма ушундай болуп келген, келечекте дагы ошондой боло берет», — деп жыйынтыктады Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн