Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:37
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мамытов Улуттук онкология жана гематология борборунун иши менен таанышты

09.03.2021 15:14
444
Мамытов Улуттук онкология жана гематология борборунун иши менен таанышты

Бүгүн, 9-мартта төрага Талант Мамытов Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, андагы дарыланып жаткандардан кабар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, борбордо курулуп жаткан жаңы имараттын курулушу менен да таанышкан төрага, Жогорку Кеңеш оор илдетке кабылгандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү багытында тиешелүү иштерди жасай берерин белгиледи. Анын ичинен мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлөрүн кошумчалап, парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнө тийиштүү тапшырмаларды берди.


Белгилей кетсек, аталган жаңы имараттын курулушу үч жылдан бери токтоп турган. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы өкмөткө имараттын курулушун тез арада бүткөрүү маселесин ыкчамдатууну тапшырып: "Жарандарыбыздын саламаттыгы бардыгынан маанилүү", - деди.

Андан сырткары, жакында эле борборго орнотулган "түз сызыктуу тездеткичтерди" көрүп чыккан Талант Мамытов оорулууларды дарылоодо колдонулуучу заманбап ыкмаларды жана жабдууларды камсыздоого өкмөт көмөк көрсөтүшү керектигине токтолду.

Андан соң борбордо дарыланып жаткандардан кабар алган төрага ар бирине сабырдуулук жана чыдамкайлык тилеп, тез арада сакайып кетишин каалады.

Ал эле бейтаптар дары-дармектердин наркынын өсүп жаткандыгына, ички авиакаттамдардын билет баасынын жогору экендигине байланышкан көйгөйлөрүн көтөрүштү. Андан тышкары, оорулуу балдардын ата-энелери, балдарынын жанында болуу үчүн борбордо жатканга шарт түзүп берүүнү өтүнүштү.

Төрага Талант Мамытов айтылган маселелерди эске аларын билдирип, аларды чечүү багытында өкмөттүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөөрүн убада кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн