Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Мамытов Володинди Думанын кезектеги чакырылышында төрага болуп шайланышы менен куттуктады

13.10.2021 10:52
776
Мамытов Володинди Думанын кезектеги чакырылышында төрага болуп шайланышы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Вячеслав Володинди Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:


“Урматтуу Вячеслав Викторович,


Сизди Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы кызмат ордуна шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм!


Биз Сизди жогорку профессионалдык сапаттарга ээ даанышман мамлекеттик жана саясий ишмер катары билебиз. Сиздин билимиңиз жана турмуштук бай тажрыйбаңыз көпчүлүктүн сыйына арзыйт. Жогорку кызмат ордуна кайрадан шайлангандыгыңыз мунун анык далили.


Кыргызстан менен Россиянын алакасы жигердүү өнүгүп жатканын белгилөө менен эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарынын бекемделишине Сиздин салымыңыз чоң экенин кошумчалайм.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, жогорку мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн