Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мамытов өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды

25.12.2020 14:24
479
Мамытов өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды


КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 25-декабрда, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, 2020-жылы коронавирус инфекциясы пандемиясынын улам келип чыккан көйгөйлөр билим берүү системасына жаңы инновацияларды киргизүүгө түрткү болгонун белгиледи.

»Билим берүү жана илим министрлиги антикризистик планды кабыл алды, анын ишке ашырылышы менен бардык билим берүү мекемелеринде окуу процесси токтогон жок. Онлайн окутууга өттүк. Ошондой эле бул окуялар педагогдордун маанилүү ролун эске салууга негиз болду», — деп белгиледи Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу аралыктан окутууга өтүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө айтып келип, калктын кеңири катмарын интернет жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоодогу оорчулуктарга токтолду.

»Бирок биз кырдаалдан чыгуунун жолун таптык. Ал эмес, кээ бир учурларда ийгиликтерге да жетиштик. Бүгүн биздин ушул жерге чогулганыбыз, сиздер президенттик стипендиянын стипендиаты болуп отурганыңыздар бийиктиктерди багындыруу үчүн оптимизм менен бара жаткандыгыбыздан кабар берет. Бул жашоодогу маанилүү позиция болуп саналат, — деп айтты Талант Мамытов студенттерге кайрылып.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу билим берүү тармагын заманбап талаптарга ылайык өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи.

»Билим берүүдө жаңы технологияларды өнүктүрүүгө, анын ичинде онлайн режиминде жана санарип көндүмдөрдү окутууда жаңы технологиялардын потенциалын өздөштүрүүгө болгон талап ар дайым өсүүдө. Азыр дүйнө тез өзгөрүп, жаңы кесиптер пайда болуп, айрым кесиптер жоголуп баратат. Ушуга байланыштуу, мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири — билим берүүнүн багытын өзгөртүп, мезгил талабына жооп берген билимдүү жаштарды тарбиялоо. Тар профилдеги адистерди даярдабай, ар кандай тармактардагы адистер үчүн жаңы билим берүүнү даярдоо маанилүү», — деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов белгилегендей, бүгүнкү иш-чарага жогорку окуу жайлардан чогулган мыкты студенттер Кыргыз Республикасынын жалпы жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 184 миң студенттин ичинен билими жана жана аракети менен айырмаланышты.

«Стипендиаттардын арасында мамлекеттик жана жеке менчик университеттердин өкүлдөрү, ошондой эле шаардын эле эмес, аймактардагы университеттердин студенттери да бар экендиги кубандырат», — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов катышып отурган стипендиаттардын арасынан келечекте элдин сыймыгы жана өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болгон, Кыргызстанды өнүктүрүп, даңктаган адамдар чыгат деген ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, президенттик стипендияга 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн 29 жогорку окуу жайынан 70 мыкты студент ээ болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн