Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:15
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Мамытовдун Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулушунун 77 жылдыгына карата куттуктоосу

27.01.2021 10:55
602
Мамытовдун Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулушунун 77 жылдыгына карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө президенттин милдетин аткаруучунун кайрылуусу:

«Ардактуу блокадачы мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулушунун 77 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан-жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон.

Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.

Курчоодо калып, аны баатырдык менен жеңип чыккан Ленинграддын каарман коргоочулары көрсөткөн эрдик өлбөс-өчпөс болуп калды.

Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат.

Сиздерге терең таазим, урматтуу ардагерлер!

Курман болгон баатырлар түбөлүк эсибизде!»

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн