Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мамкатчы Майк Помпео Өзбекстанды мактады

12.06.2020 23:16
828
Мамкатчы Майк Помпео Өзбекстанды мактады


АКШнын Мамлекеттик департаменти 10-июнда дүйнөдөгү дин эркиндигинин абалы боюнча кезектеги жылдык отчётун жарыялады.


Отчётто Россия менен Кытайда дин эркиндиктери бузулууда делсе, тескерисинче Өзбекстандын дарегине мактоо айтылат.


Бул туурасында Помпео отчётко арналган брифингде: “Өзбекстанда дин эркиндигине байланыштуу жагдайды жакшыртуу боюнча олуттуу кадамдар жасалууда, чоң ийгиликтер жана реалдуу жылыштар бар. Мен жылдын башында бул өлкөдө болгонумда диний лидерлер менен жакшы баарлаштым", - деди.


Айтымында, 2019-жыл боюнча отчётто АКШ Өзбекстанда диний уюмдарга карата бир дагы каршы аракеттерди мисал келтире алган жок. “Бул чоң ийгилик, реалдуу жылыш, биздин Мамлекеттик департаменттин аракеттери жемишин берүүдө”, - деп баса белгиледи Помпео.


Ал брифингде Кытайдагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурдуруп: “Кытайда бардык конфессияларга карата мамлекет колдоого алган репрессиялар күчөөдө”, - деп айтты. Эсептөөлөр боюнча 2019-жылы Кытайда 900 миңден 1,8 миллионго чейинки сандагы уйгур, казак, кыргыз сыяктуу жана башка түпкүлүктүү мусулман элдер “диний экстремизм үчүн эмгек лагерлерине жөнөтүлгөн.


Кошумчаласак, 1998-жылдагы мыйзамдын негизинде АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин эркиндигинин абалы боюнча ар жылы Конгресске отчёт берип келет. Бул отчётто камтылган маалыматтарга таянуу менен АКШнын мамлекеттик катчысы дин эркиндигин бузган өлкөлөрдү “кара тизмеге” киргизүү, аларга санкцияларды колдонуу боюнча сунуштарды даярдай алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн