Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, - Боронов

23.06.2020 12:45
1029
Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, - Боронов


Премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Төмөндө куттуктоонун тексти:

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздердин кесипкөйлүк, тажрыйба, умтулуу жана күч-аракет өлкөбүздү социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү жана мекендештерибиздин жашоо сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди ийгиликтүү жана натыйжалуу ишке ашыруунун кепилдиги болуп саналат. 

Таза жана жооптуу ишиңиздер менен сиздер жалпы мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга татыктуу салымыңыздарды кошуп келесиздер. Бул айрыкча биздин өлкө туш болгон соңку чакырыктарды жана сыноолорду эске алганда өтө маанилүү.

Экономикалык жана социалдык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын зор ролун эске алуу менен КР өкмөтү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө жана анын кадыр-баркын жогорулатууга, кызматкерлердин дараметин арттырууга жана өбөлгөлөөгө, калыс жана ачык-айкын тандоо системасын түзүүгө, кесипкөй жана таланттуу кадрларды илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурат. 

Биргелешкен күч-аракеттерибиз менен мындан ары да маанилүү милдетти аткарып – элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейбиз деп ишенем. 

Ушул майрам күнү ар бириңиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык, кесиптик ишмердүүлүгүңүздөргө ийгилик каалайм!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн