Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Урматбек Көкочаров кызматтан кетти. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып кабарлады.
Белгилүү болгондой, Мамкурулушту башкарган Транспорт министрлигинин жетекчилиги директорду, анын орун басарларын жана бөлүм башчыларын бир эле учурда кызматтан кетирди.
Бирок өкмөттө бир дагы кызматтан кетүү тууралуу кабар берилген эмес. Мамкурулушка кайрылуу менен келгендерге убактылуу жетекчилик жок экендиги маалымдалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн