Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мамлекет акын-жазуучуларга кам көрүшү керекпи?

13.05.2022 10:09
8899
Мамлекет акын-жазуучуларга кам көрүшү керекпи?


Бул аттын жооруна айланган, колу жеткени коюп өткөн, буту жеткени тээп өткөн темага кайрылбайын, жазбайын деди элем. Тилекке каршы "Жазуучуга кайсы мамлекеттерде бийлик кам көрөт?", "Мамлекеттин функциясы эмне?" деп кабелтеӊ суроо коюп, жооп издегендердин акыл-насааттарга жык толгон жазгандарын окуп, жазбай кое албадым. 


Адабият десе аллергиясы кармагандар чаар каптарга буулган “Америкада адабиятты каржылабайт. Мамлекет адабиятка кам көрсө эле, жазуучу эркин ой жүгүртө албай калат”” – деген сыяктуу ойлорун аргумент катары канчалык бетке кармашпасын, мен “Мамлекет адабиятка кам көрүш керек” дегендердин катарындамын. “Мамлекет адабиятка кам көрсө эле, жазуучу эркин ой жүгүртө албай калат” – деген түшүнүк адабияттын табиятын түшүнбөгөн интеллекти төмөн адамдардын сөзү. 


Эмне үчүн?!! Биринчиден, Америкада адабиятты каржылабайт дешип жатпайбы. Балким, каржылабаса каржылабайт чыгар. Бул алардын ички иши, бизге ал маселеге мурун тыгып кереги жок, анүстүнө аларда приоритеттер башка. Ошол эле адабиятты каржылабаган Америкада АКШ өкмөтү сөз эркиндигин каржылап жатат. Каржылаганда  да миллиардды бөлүп, бүтүндөй Европа, Азия боюнча “Радио Свобода” эл аралык коммерциялык эмес радиоуктуруу мекемесинин филиалдарын ачып салган. Түпкүлүгүндө адабият деле сөз менен байланышкан деӊизчи. Бирок адабият саясат эмес, руханий кубулуш, а сөз эркиндиги - бул кызылдай саясат. Сөз эркиндигинде АКШнын саясий кызыкчылыктары жатат. Ошон үчүн АКШ өкмөтү “Радио Свобода” мекемесин каржылап, анын үнү дүйнөнүн булуӊ-бурчуна угулуп, АКШнын саясатын жүргүзүп келатат.  Адабиятка өгөй, сөз эркиндигине өз мамиле жасалганы ошондон болсо керек. 


Америкада приоритеттер башка. Дүйнөнүн эӊ бай мамлекети болгон АКШ Куралдуу Күчтөрүнө жыл сайын 700 млрд. доллар каражат ажыратуу менен, аскердик бюджети эӊ көп өлкөлөрдүн алдыӊкы тизмесинде турат. Себеби, аскердик саясат да адабият, улуттук руханий баалуулук эмес. Аскери күчтүү өлкө адабиятты эмне кылат?!!


Эми АКШнын адабияты тууралуу айталы. Айтымда акыркы 100 жылда АКШдан дүйнөлүк адабияттын алтын тизмесине кирген бир да жазуучу же акын чыга элек. Акын-жазуучулардын соӊу Герман Мелвилл, Марк Твен, Харпер Ли, Френсис Скотт Фицджеральд, Тони Моррисон, У.Фолкнер, Э.Хемунгуэй, Жон Стейнбек, Уолт Уитмендер менен токтогон. Андан бериге ырымга орто саар жазуучу же акын чыкпаптыр. Ал эми спортсмендер жыл сайын станоктон чыккандай эле чыгып, дүйнөлүк рекорддорду багынтып, олимпиадалык медалдарды алып жатышат. Себеби, АКШда кесипкөй спорт рыногу болжол менен 69 млрд. долларды түзөт. Бүгүн спорт да дүйнөлүк саясаттын ажырагыс бир бөлүгү. Аны баарыбыз билебиз.


"Америкада адабиятты каржылабайт" дешет. Чын эле каржыланбаса керек. Акыркы 100 жылда кино рыногу болуп көрбөгөндөй өнүккөн АКШда 50 жылда ыр жазбай калганын айтышат. Бул түшүнгөн адамга аябагандай чоӊ трагедия. Сөз эркиндиги тууралуу жар салып, бүтүндөй дүйнөгө сөз эркиндиги таӊуулаган АКШда акындардын тили буулуп калганынан өткөн трагедия барбы?!! Сөз эркиндиги деп милларддарды чачып жатат, курал-жарактарга миллиарддарды чачып жатат, а адабият кароосуз калган. Анан анын эмнесин бизге үлгү кылабыз?!!


Антип адабияттын жоголушунун өзү бара-бара бул өлкөдө адабий салттардын жоголушуна апкелет. А адабий салттар жоголсо, адабият жоголсо, аны менен кошо руханий баалуулуктар да түп-тамыры менен жоголот. 


Кудайга шүгүр, бизде соӊку 30 жылда төкмөлүк өнөрдү, манасчылык өнөрдү колдон келишинче колдоп келатышат. Бул салт илгертен келатат. Кыргызда ырчыларын, комузчуларын, манасчыларын колдоо кадыресе эле салт болгон. Бай-кедейин дебей, колунда барлардын баары колдогон. Улуттук аӊ-сезимдин өнүгүшүндө, улуттук идеянын өлбөй-өчпөй жашап келатканында акындардын, манасчылардын орду чоӊ. Отурукташкан элдерде улуттук идея, улуттук идея кагазга түшүп, кагаз жүзүндө: манифесттер, кодексттер, катехизисттер аркылуу тараган. 


Тилекке каршы, жашырганда эмне, Кыргызстанда да акыркы 30 жылда адабиятка өгөй мамиле жасалып келет. Спортко миллиондор, миллиарддар бөлүнөт. Адабиятка сокур тыйын да берилбейт. Парадокс эмей эмне? Эгер АКШнын жолоюна төшсөк, акыры барып акындардын да тили буулат. Эгер өлкөбүздүн экономикасы өнүгүү жолуна түшкөнү ырас болсо, анда адабиятты мамлекеттик кам көрүүгө алалы, айылдардагы аӊгырап турган китепканаларды китептерге толтуралы. Жан дүйнөбүздү руханий азыктар менен байыталы. Чыныгы байлык бул руханий байлык. Мамлекет акын-жазуучуга кам көрүш керек дегендин түп маӊызы ушул жакта.


Өткөн кылымдын 90-жылдары сынчы Салижан Жигитов 4 млн. эли бар Кыргызстанда 400-500 акын-жазуучу бар. 1 млрд. калкы бар Кытайда андан азыраак. Ушунун баары мамлекет жазуучуларды жан бакты кылып койгонунан улам болууда деп айтканды жакшы көрчү. С.Жигитовдун тилегени келди. Бүгүн адабиятты мамлекет каржылабайт, акын-жазуучулардын саны азайган жок. Мамлекет адабий китептерди чыгарууну каржылабай калды. Мындан китеп чыкпай калбады. Китеп деле чыгып жатат. Эгер мамлекет тарабынан адабиятка өгөй мамиле жасала берсе, күндөрдүн биринде куду Америкадагыдай болуп бизде да ыр жазбай калышат. Акындардын тили буулат. Сөз эркиндигин кучактаган бойдон отура беребиз.


Бүгүн ойлоно турган мезгил, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнай турган мезгил келди. Адабиятты бүгүнтөн колдоого албасак, эртеӊ кеч болуп калат.


Болотбек Таштаналиев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн