Кулжа 26, 2024
Убакыт: 14:05
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Мамлекет башчы облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотууну сунуштады

06.07.2020 15:40
954
Мамлекет башчы облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотууну сунуштады


Азыр айрымдар катуурак карантин тартибин киргизүүнү сунуштоодо. Кырдаалга байланыштуу Республикалык штаб сунуштарды киргизүү керек. Азыркы кырдаалда облустар ортосундагы транспорттук каттамдары токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз, деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын видеоконференция форматында өттү.

«Калктын саламаттыгы менен экономикалык коопсуздугун таразага салганда, биз карантинди жарыялап, өзгөчө абал режимин чыдамкайлык менен сактадык. Бул режим алынган соң, ооругандар кескин көбөйдү жана коронавирустун айынан көптөгөн биздин жарандар пневмониядан жабыр тартууда», — деп баса белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Бишкек шаарында илдетти жугузуу көбөйгөндүктөн, кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилгенин эске салды.

Мамлекет башчысы ошондой эле буга чейин той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуш киргизгенин эске салып, Республикалык штабды бул маселе боюнча өзүнүн так көз карашын билдирүүгө чакырды.

«Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче, республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бардык ооруканаларда жана обсервацияларда койко-орундардын санын көбөйтүү керектигине көңүл бурду. Зарылдык жаралса бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча орундарды түзүүнү кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында бардык иш-чаралар өз маалында жана артыкчылыктуу тартипте каржыланышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн