Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мамлекет кирешеси жыл соңунда 30 миллиард жоготушу мүмкүн

11.04.2020 16:32
1009
Мамлекет кирешеси жыл соңунда 30 миллиард жоготушу мүмкүн


Жыл соңунда мамлекеттин кирешеси 30 миллиард жоготууга учурашы мүмкүн. Бул тууралуу Каржы министри Бактыгуль Жээнбаева маалымат жыйында билдирди.


Анын айтуусуна карганда, пандемиянын кесепетинен улам экономика тармагында кыйынчылыктар жаралган.


“Бүгүнкү күндө өлкөбүздө дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө, жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн”, - деди Жээнбаева.

 

Ал мындан сырткары, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында  бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн