Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мамлекет күйүүчү майга болгон бааны көзөмөлдөй албайт

24.06.2021 11:05
1083
Мамлекет күйүүчү майга болгон бааны көзөмөлдөй албайт


Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси Сагын Маматоморов бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майга болгон баага мамлекеттик көзөмөл жок экендигин айтат. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

“Биздин ведомство бааны бир гана учурда тескейт. Эгер бир айлык мөөнөттө күйүүчү майга болгон баа өз наркынан 20%дан ашса, анда өкмөт тарабынан жөнгө салуу киргизилет. Ал учурда 90 күнгө көзөмөлгө алынат”, - дейт ал.

Маматоморов күйүүчү майдын баасы эмне себептен өсүп жатканына токтолду.

“Пандемия учурунда дүйнө жүзүндөгы өлкөлөрдүн экономикасы солгундап, күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо талап түшкөн. Ошол маалда майдын баасы 2011-жылкы наркка түшүп кеткендиктен заводдор күйүүчү майлардын көлөмүн 30-40%га чейин азайтышкан. Ал эми 2021-жылдан баштап экономика өсө баштап, бензинге болгон суроо талап күчөдү. Бирок күчүүчү майлардын көлөмү аз болгондуктан баа өсүп кетти”, - деп белгиледи Маматоморов.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү кошумчалагандай, Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Россиядан алып келинсе, 200 тоннасы ички өндүрүүчүлөрдөн алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн