Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мамлекет "Мегаком" менен бирге 30 мамлекеттик компанияны сатууну пландап жатат

22.11.2022 11:58
321
Мамлекет "Мегаком" менен бирге 30 мамлекеттик компанияны сатууну пландап жатат

Кийинки жылы "Альфа Телеком" (MegaCom соода маркасы) ЖАКты сатуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.


Анын айтымында, буга чейин компания 19 млрд сомго бааланган, азыр болжол менен 14-15 млрд сомго бааланышы мүмкүн. "Бул акыркы баасы эмес, баалоо компаниялары аныктайт", - деди ал.


Ошондой эле Бакиров "Керемет банктагы", "Кепилдик фондундагы" жана "Сарамжал Транс" ЖЧК жана башкалардагы мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жатканын кошумчалады.


"Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жаткан 30 компаниянын тизмесин бекитти", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн