Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мамлекет жарандарын тарбиялабаса, анда чаласабаттар жана ууру-кескилер баатырга айланат

20.04.2020 16:48
1596
Мамлекет жарандарын тарбиялабаса, анда чаласабаттар жана ууру-кескилер баатырга айланат


Өзүбүз басып өткөн кечеги тарыхыбыз СССР доору тууралуу бүгүнкү күндө ар кошкон пикирлер айтылып келет. Бири ал доор тууралуу ностальгияга түшүп айтса, дагы бири «элди кул катары иштетчү, баарыбыз мамлекет үчүн гана иштечүбүз» дешет. Башкача айтканда, жарандардын укугу чектелчү, жарандардын өз алдынча аракеттенип, финансылык көз карандысыздыкка жетүүсүнө мүмкүн эмес эле деген пикирлер бар. Бул жагы албетте өзүнчө анализдей турган тема. 


Айтайын деген башка темабыз бар. Советтик доордо келечек муунду тарбиялоо үчүн алар үлгү ала турган баатырларды көтөрүп чыгышчу. Ар бир жасалган эмгек бааланып, эмгектин алдыңкылары жогорку сый-урматка ээ болуп турушчу. Илим-билимге, жаңы ачылыштарга, маданиятка, искусствого, адабиятка өзгөчө көңүл бурулчу. Ар бир кесип ардактуу экенине басым жасалчу. Жөнөкөй эле тоодо кой кайтарган чабандардан, колхоздо иштеген жумушчулардан да Социалисттик эмгектин баатырлары чыккан. Аларга көрсөтүлгөн урмат-сый жаштарды эмгекти сүйүүгө үгүттөгөн. Бир эле мисал катары жөнөкөй эле колхоздун жумушучусу Зууракан Кайназарованын Социалисттик эмгектин баатыры жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыкка татыганын айтсак болот. 


Мекенди сүйүүгө, аны коргоого жаштарды таасирлентүү үчүн Улуу Ата-Мекендик согушта баатырларча кармашып курман болгон аталардын эрдигин ар дайым баса белгилеп турушчу. 


Адабият, маданият тармагындагы кызматкерлердин негизги функциясы да мамлекет жарандарын тарбиялоо, руханий жактан азыктандыруу болгон. Андай кызматты өтөө үчүн аларга бардык шарттар түзүлгөн. Бир сөз менен айтканда мамлекет өз жарандарын тарбиялоону өз колунда бекем кармаган. 


Азыр андай практика жок. Мамлекет өзү эле мындай тарбиялоо функциясынан четте калды. Анын натыйжасы кандай болду? Мамлекеттин мүлкүнө, байлыгына кол салып байыгандар, муштуму чоңдор, чала сабат билимсиздер жана жөн эле келесоолор баатырга айланып калды. Себеби, ошолор жакшы үйлөрдө жашап, кымбат машинелерде жүрөт. Чет өлкөлөп эс алып, миллиондорду басып жатат. Мамлекет тарабынан жеткиликтүү тарбия берүүнүн жоктугунан улам жаңыдан өсүп келаткан муун дагы ошолордой болгусу келет. Жаш муун үчүн алар баатыр, ашкере акылдуу жана жаңычылдар болуп калды. 


Тарбиялык ишти колунан чыгарып койгонунун азабын мамлекет өзү эле тартып жатат. Себеби, бийлик бутактарына ошондой «жаңыча» ойлонгон муундун өкүлдөрү каптап кетти. Баары эле «Бир гана Кудайдан корком, башка эч кимден коркпойм» деген «баатырга» айланды. Аркы дүйнөгө барганда Кудай алдында эмне деп жооп бере турганын деле өздөрү билбейт. Болгону эл алдында ак көрүнүш үчүн Кудайды айтып коймой замандын модасы болду. Тарбиянын жетишсиздиги кыздарыбыздын куймулчагы көрүнгөн шортачан көчөгө чуркашына, «төрөбөйм, чай куйбайм», «кыргыздар сасыктар» деген жеткен маңкурттук сөздөрдү айтып чыгууларына алып келди. Саясатчы болгусу келгендердин баары эле бийликке баргысы келсе Ак үйдү басып алыш керек деген түшүнүккө жетеленди. Мындай көрүнүштөрдөн мамлекет гана запкы жеп, улам артына кетенчиктеп, улам алсызданып барат. Качан мамлекет колунан чыгарып жиберген тарбия берүү функциясын кайрадан колуна алат?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн