Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мамлекетке дээрлик 900 млн зыян келтирилген. Башкы прокуратура энергетика тармагында ири коррупциялык схеманы аныктады

06.12.2021 14:18
855
Мамлекетке дээрлик 900 млн зыян келтирилген. Башкы прокуратура энергетика тармагында ири коррупциялык схеманы аныктады

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды.  Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Алсак, мамлекеттик “Ошэлектр”, “Жалалабатэлектр”, “Чыгышэлектр” жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомдору менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы 897 млн 288 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

 

Тактап айтканда, жогоруда аталган мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй, карыздардын орду толтурулбаган. 


Башка учурларда, сотко доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен.


Ошондой эле, жогорудагы жооптуу кызматкерлер коррупциялык кызыкчылыктарын көздөп, өздүгү такталбаган, аталган даректе жашабаган, же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен.


Башкы прокуратура тарабынан жооптуу кызматкерлердин кыймыл аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен 4 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн