Сыртынан караганда мамлекетти бийликтин үч бутагы башкара тургандай сезилет – мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги. Ырасында, бийликтин ушул үч бутагы өлкөнүн тагдырына жооптуу. Бирок, узак жылдардан бери карай эле мурдагы СССРдин курамында болуп келген республикаларда бийликти көмүскөдө башкаруучулар аркандап алганын жашырууга болбойт.
Союздук республикалардын ичинен биринчилерден болуп (азырынча жападан жалгыз дагы) Грузияда чыныгы реформа болду. СССРдин убагынан бери саясат сахнасынан түшпөй келаткан саясатчылардын табигый жол менен саясаттан кетүүсүн күтүп отурушкан жок. Бул өлкөдө саясий элита түп-орду менен жаңыланды.
Украина бийлигинин башына куудул Зеленский жаңыдан келгенде, украиналыктар кубаныч менен кабыл алды. Жаш, курч, мурда-кийин саясатта булганган жагдайы жок жаңы саясатчынын мамлекет башына келиши көптөгөн өзгөрүүлөрдү ала келет деген ишеним болду. Бирок, азырынча ал ишеним актала элек. Тескерисинче, Зеленскийдин рейтинги баштапкысына салыштырмалуу кыйла төмөндөп да кетти. Ал хансарай интригаларында тажрыйбалуу болбосо да, жаш, жаңыча ойлоно алган Алексей Гончаруктун өкмөтүн отставкага кетирүүгө мажбур болду. Эксперттердин айтымында президент Зеленскийдин романтикалуу доору аяктады. Эми ал алдыдагы ишине реалдуу карап, реалдуу реформаларды жасашы керек. Болбосо, ал өзү дагы элдин ишенимин актай албаган саясатчылардын катарына кирип, саясий карьерасын эртелеп жыйынтыктап алат. Айрым маалыматтарга караганда, Гончаруктун командасы Украинадагы миллиардер Коломойскийдин жолун «кесип өтүп» алганы үчүн гана отставкага кеткен. Анын ордуна келген Денис Шмыгаль Зеленский менен олигархтардын ортосундагы компромиссти кармап турчу фигура экени да айтылууда. Шмыгальдын командасында олигархтардын адамдары топтолгону да муну айгинелеп тургансыйт. Демек, Эгерде Зеленский олигархтардын башкаруусунда калган болсо, анда украиналыктардын үмүтү таш капты дей берсеңиз болот.
Макалабыздын башында айтып кеткендей эле мурдагы СССРдин курамындагы республикаларда бийлик башындагыларды өз жетегине алып алган өзүнчө бир «мамлекет» бар. Алар – олигархтар. Реформа болгонго чейин Грузияда «мыйзамдагы уурулар» мамлекеттик бийликти көмүскөдө башкарып келген. Олигархтар жана криминалдар үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы эч качан мааниге ээ болгон эмес. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгына жараша ички жана тышкы саясаттын багытын аныкташкан. Ошолордун таасири жана финансысы менен бийлик башына ким келери да чечилген.
Кыргызстанда да мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жолтоо болуп жаткан өзүнүн «түпкүрдөгү мамлекети» бар. Биз аны «үй-бүлөлүк кландык башкаруу», «кландык экономика», «трайбализм» деп атап алганбыз. Бул тоскоолдуктардан кутулуу аракеттери жасалды. Канчалык бир деңгээлде ишке да ашты. Бирок, үй-бүлөлүк башкаруудан кутулсак, анын ордуна башка кландык башкаруу орноп алып жатканын тана албайбыз.
Кандай жыйынтыкка келишибиз керек? Балким, бүгүнкү бийлик бүткүл күч-кубатын жыйнап, «түпкүрдөгү мамлекеттин» «башчыларын» ачыкка чыгарып, алардын экинчи мамлекеттин ишине таптакыр кийлигишүүсүнө жол бербей тургандай тарбиялай алабы? Улам шыпырылып түшкөн ээрине кайра мингиси келгендерди биротоло саясаттан кетүүсүн камсыздоого кудурети жетеби? Эгерде бизде олигархтар бийликти көмүскөдө башкарып жаткан болсо, алар менен бийликтин ортосундагы камыр-жумур мамилени үзүүгө бара алабызбы? Ушул суроолорго «Ооба» деген жооп болсо жана ал иш жүзүндө аткарылса, анда Кыргызстанда реалдуу реформа жүргөн болуп саналат. Болбосо, мурдагыдай эле сөз жүзүндөгү реформа, иш жүзүндөгү «ийри формадан» чыга албайбыз.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн