Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мамлекетти көтөрө чаап, тый дей көрбөгүлө

25.11.2020 12:56
861
Мамлекетти көтөрө чаап, тый дей көрбөгүлө


Мектепке окуй электен тартып эле койду көп кайтардым. Ар бир кой-козу, эчки-улакты өңүнөн таанып эле эсебин чыгарган профессионал чабан деңгээлине жеткем. (Окуй элек болсом, бала бакчаны өмүрү көрбөсөм балакеттин эсебин билемби).


"Козу эмген" (улагы өлүп козуга телинген эчки), "Макилдак" (көгөндө жөн жатпай чырылдаганы), "Делдек" (шляпа кийгенсип кулагы шалпыйбаган кой) деген атактуулары информация иттей көп айланган журналисттин мээсинен али өчө элек.


Муну менен эмне айткым келди?


Былтыры майдан бери мени каралаган, боктогон фейк аккаунттардын көбү ошол кой-эчкилердей көзтааныш болуп калды. Алардын жазганына бир да нерв клеткам өлбөйт. Тескерисинче фантазияларын салыштырып күлүп, жашарам. Жазбай калса "жоголуп кетти, төлөбөй коюштубу, артында турганы эми кантип жан багат" деп ойлор чуркайт. Көбүнесе аларга боорум ооруйт: Бир адамды он аккаунттан шалпактата берип кечинде кантип тамак ичет? Үйүндө наристеси болсо кантип өбөт? Ыйманыңды берсин деп жалынган ата-энесине кантип салам берет? Иши кылып аларга деле оор, моралдык эңшерилүү.


Баса, боттордун командирлерин таптак билем, жазышкан скриншоттору, үндөрү сакталуу. Арасынан чыгат да абийир ачарлары.


Көрүп атам, азыр көбүңү боттор, троллдор жерден көргө уруп атат. Такыр нервденбегиле, чындык кайда экенин билчүлөр билет. Билбегени кечигип билет. Мамлекетти көтөрө чаап, тый дей көрбөгүлө. Асманды теше атам дегенге тете жорук ал.


Андан көрө Акыйкаттын жолунда түз эле кете берсеңер жеңишке жетесиңер.


P.S. Уважаемый ботторум, уят кылбай каменттен кабелтең кабелтең таштай кеткиле эми))


Али Токтакунов, журналист



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн