Тилекке каршы, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн, анын бакубатчылыгын ойлогон бир дагы саясатчы калбай калды өңдөнөт. Андай «экземплярды» улуу муундан да, жаңы чыккан муундун арасынан да сыйпалап табуу кыйын болуп калды. «Мына ушул саясатчы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз позициясын эч качан өзгөрткөн жок, туруктуулугун көрсөтүүдө» деп сөөмөйдү кезеп көрсөтө ала турган эч ким жок. Бул албетте өтө кейиштүү жагдай.
Алдыда адегенде жергиликтүү кеңештерке шайлоолор өтөт. Андан кийин парламенттик шайлоо турат. Бул шайлоолорго карата азыртадан эле даярдыктар башталганын көрүп турабыз. Бирок, алардын арасынан буга чейин «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Мекенчил» сыяктуу партиялардын карааны да көрүнбөй турганы белгилүү болуп калды. «Биздин партиянын өлкөнү оңдой турган программасы бар, туруктуу өзгөрүлгүс позициябыз бар» деп жүргөн аталган партиянын бир катар өкүлдөрү азыр башка партиялардын короосуна сүңгүп кирип кетишти. Айрымдары таптакыр эле жаңы партияларды түзө калышты. Улам шайлоо болгон сайын жаңы партиялардын пайда боло калмай өнөкөтүнөн бул жолу деле кутула албай калдык окшойт.
Мисалы, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен парламентке аттанган Марлен Маматалиев «Ынтымак» деп аталган жаңы партияны түзүп чыга калганы белгилүү болду. «Бул партияны креативдүү жаштар ачты, алардын арасында мен да бармын. Саясий уюм Бишкек шаардык кеңешине ат салышканы жатат. Бирок, мен ал шайлоого катышпайм, себеби Жогорку Кеңештин депутатымын. Жаштар катышууну каалап жатат. Мен аларды колдойм», - деди Маматалиев маалымат каражаттарынын бирине. Демек, ал ушул партия аркылуу Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турганын түшүнө берсек болот. Саясатка жаңы аралашкан жаш саясатчылардын позициясы жоктугун Марлен мырзанын кадамы көрсөтүп турат.
Эми парламенттик шайлоого карата партиялар БШКга каттала баштаганда дагы башка бир топ мурдагы «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Мекенчил» партияларынын өкүлдөрүн башка партиялардын катарынан жолуктурарыбыз бышык. Ушунун өзү саясий партиялар жөн гана парламентке жетүү үчүн салынып берилген убактылуу жол болуп калып жатканын түшүндүрүп жатабы? Эгерде алар туруктуу саясатчы болушса, анда эмне үчүн кайра эле мурдагы партиялар менен шайлоого аттанышпайт? Же улам бир партиянын атын булгап коюп, кайра жаңы партия түптөй бергенден мамлекеттен өнүгөбү? Мындай көрүнүштөн мамлекет аркага гана кетет. Туруктуу позициясы бар, бышып-жетилген программасы бар жана туруктуу мүчөлөрү бар гана партиялар парламентке келсе, ошондо гана саясатта да туруктуулук орнойт эле. Болбосо, күн чыккан тарапты көздөй ууруп-чууруп уча берген саясатчылар мамлекетти каптап кетти.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)