Бугу 02, 2024
Убакыт: 01:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Мамлекетти жарга такай берсек карантин бүтпөйт

07.05.2020 13:07
1324
Мамлекетти жарга такай берсек карантин бүтпөйт


Урматтуу Россиядагы жердештер, COVID-19 оорусу башталып, карантин болгонуна бир айдан ашып калды. Мына эртең кырдаал жакшы болуп кетээр деген үмүт менен олтурабыз. Бул илдет дүйнө жүзүн чөгөлөтүп койгону баарыбызга белгилүү болуп калды. Айтайын дегеним, жалгыз биздин элдин башына келген кыйынчылык эмес, Россияда бейрасмий маалыматтарга караганда 1 миллионго жакын кыргыз, миллиондон ашык тажик, 3 млн. го жакын өзбек мигранттар бар деп жүрөбүз. Өзбек туугандар карантин башталганда мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн деп чек арасын чымчык учуп кирбегендей жаап, Россиядагы эмгек мигранттарын алып кетпей тургандыгы жөнүндө расмий билдирүү кылган. Андан соң Россия мамлекети дагы аба майданын токтотуп, учактар учпай калды. Бүгүнкү күндө жалпы эмгек мигранттары үчүн оор жагдай түзүлгөнүн баарыбыз көрүп турабыз. Коңшу өлкөлөрдүн эмгек мигранттары элчиликтеринин эшиктерин тепкилеп, бийлигин ар кандай сөздөр менен сөгүп, алып кеткиле дегенин көргөн жокпуз...


Кыргыз Элчилигинде Ыкчам штаб түзүлүп, кыргыз диаспорасынын лидерлери, активистер, ак жүрөк патриоттор менен биргеликте кыйналган мекендештерге ар тараптуу жардамдар көргөзүлүүдө. Беш кол тең эмес дегендей, албетте бул кыйын кырдаалды туура түшүнгөнү бар, туура эмес түшүнгөнү бар, оору жок, бул жөн гана саясат дегени да бар. Ар кандай жалган маалымат таркатып, чек ара ачылыптыр деп элди козутуп, тизме түзгөндөр да жок эмес. Мына, кечээ Россия-Казакстан чек арасында көптөн бери турган мекендештерди кыргыз-казак өкмөтү сүйлөшүп, 500дөн ашык адамды медиктердин, полициянын коштоосунда коридор кылып алып кетишти. Аны уккан жердештер айтканды укпай дүрбөп, топтошуп автобус жалдап, чек арага бара жатышат. Эми ал жака барып алып, дагы канча күн кыйналып талаада жатышат, белгисиз. Эртеңден баштап бийлик карабай койду, талаада жатабыз деген видео кайрылууларды көрө баштайбыз. Мекенге кетебиз деген жүз миңдеген боордоштор бар, анын баары эле ушундай ээнбаштык кылып, мамлекетти жарга такап, алып кеткиле деп бара берсе бизде карантин бүтпөйт! Бул жаман аты бар душманды жеңе албайбыз. Карантиндин ар бир күнү миллиондогон чыгашаларга алып келип жатат. Канчалаган салык төлөгөн ишканалар токтоп, элдер жумушсуз олтурат. Ансыз да кыйналып турган мамлекетибиз такыр эле чөгөлөп туралбай калат го. Азыр көпчүлүк адамдар симптому жок ооруп, орусча айтканда переносчик болуп жүрөт. Үйүнө барганда тууган, кошуна, жакындарына жугуза берсе, оору токтобой эртең мамлекетибиздин келечеги кандай болот?!


Эртереек ушул илдетти жеңип, кайра жакшы жашоого кайталы десек, болуп жаткан кырдаалды туура түшүнүп, тааныш, жердеш, тууган-туушкандарынарга жеткирип коюңуздарга терең ишенебиз боордоштор. “Сабырдын түбү сары алтын”, буюрса жакшы күндөргө аз калды. Мамлекетибиздин жаркын келечеги баардыгыбызга керек!


 Аскат Алиев, КР ИИМ өкүлү. Москва шаары, 2020-жылдын 7-майы

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн