Исабеков Самат Сатарович КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 7-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жаңы жетекчини бүгүн бажы кызматынын өздүк курамына тааныштырган.
Самат Исабеков 1996-жылдан ушул күнгө чейин бажы органдарында иштеп, ар кандай ыкчам кызматтарда, анын ичинде, жетекчилик кызматтарда иштеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн