Россиянын Либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДПР) лидери, белгилүү саясатчы Владимир Жириновский Москвадагы клиникалардын биринде көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги сенатор Александр Пронюшкинге шилтеме берип жазды.
Бирок МамДуманын төрагасы Вячеслав Володин бул маалыматты төгүндөдү. Ал ЛДПРдин лидери оор абалда экендигин айтып, Жириновскийдин сакайын кетишин каалады.
Жириновский 75 жашта, ал 2-февралдан бери коронавирус диагнозу менен ооруканада жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн