Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 20:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Мамлекеттик агенттик 2020-жылдын мыкты спортчуларын сыйлады

01.01.2021 10:12
911
Мамлекеттик агенттик 2020-жылдын мыкты спортчуларын сыйлады

 Кыргыз Республикасынын Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарды.


29-декабрда Бишкекте мыкты спортчуларды жана машыктыруучуларды сыйлоо аземи болуп өттү.


2020-жылдын мыкты спортчуларынын жана машыктыруучуларынын тизмеси:

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү

Мээрим Жуманазарова - эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү

Жоламан Шаршенбеков - грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү

Нурбек Кожобеков - бел боо күрөшү боюнча машыктыруучу - эркин күрөш боюнча Азия чемпиону

Айпери Медет кызы - эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси

Руслан Царев - эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун коло медалынын ээси

Исламбек Орозбеков - эркин күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун коло медалынын ээси

Азат Салидинов - грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Бекболот Мырзаназар уулу - грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Ринат Ильяз уулу - эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Роман Ким грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси

Денис Петрашов - Токио Олимпиада оюндарына лицензия ээси, сууда сүзүү

Атабек Азисбек - Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия ээси, грек-рим күрөшү

Мария Коробицкая - Токио Олимпиада оюндарына лицензия, жеңил атлетика

Айваз Оморканов - триатлон боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү

Юлия Фурнас - триатлон

 Айбек Надырбеков - триатлон

Даниел Жээнбеков - ультрамарафон

Оболбек Осмонбеков - ультрамарафон

Дайырбек Каряев - САМБО боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Иманбек Тентиев - самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси

Самара Абдумалик кызы - самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси

Азизхан Мусабек уулу - Бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси

Нурбек Изабеков - аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу

Байгазы Кенжебаев - Кыргызстандын эркин күрөш боюнча аялдар улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу

Азат Эркимбаев - Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу

 Улукбек Карачолоков - грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасынын улук машыктыруучусу

Евгений Петрашов - сууда сүзүү боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу

Сатыбек Чокаев- Кыргызстандын жеңил атлетика курама командасынын башкы машыктыруучусу

Сырбекбеков Айбек - Кыргызстандын жеңил атлетика курама командасынын улук машыктыруучусу

Андрей Тупик - самбо боюнча Кыргыз курама командасынын улук машыктыруучусу

Апсамат Мукамбетов - САМБО машыктыруучусу


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн