Жакында эле президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен президенттик администрация түзүлдү. Ушундан улам коомчулукта президенттик аппарат менен президенттик администрациянын кандай айырмасы бар деген суроо жаралды. Атын өзгөрткөнү менен заты өзгөрөбү?
Эске сала кетсек, президенттик администрация мурда деле болуп келген. Тактап айтсак, Акаев менен Бакиевдин доорунда. Анан 2009-жылы КР президенттик администрация жоюлуп, анын ордуна үч жаңы институтут – Аппарат, Катчылык жана коопсуздук боюнча Мамлекеттик кеңешчи институттары түзүлгөн. Мындай кайра түзүүнүн маңызы башкармалыктын ичинде функцияларды так бөлүшүтүрүүдө болгон.
Мисалы, мамлекеттин саясаты Катчылыкта иштелип, ал саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган Аппарат болуп калган. Ал эми Мамлекеттик катчы коопсуздук маселелери менен алектенген. Бул органдар бири-биринен көз карандысыз болуп, баары бир гана президентке баш ийишкен. Ар бири өз жумушун жасап жана ал үчүн жооп беришкен. Ал эми ага чейин администрация баары менен алек болгон. Ал эми кызматтык адамдардын функциялары аралашып кеткен, жардамчылар кеңеш берип, кеңешчилер аткарып калган. Натыйжада иш ырааттуу жүрбөй, жоопкерчилик эч киминде болбой келген. Анын ордуна администрацияда ар кандай «чечүүчү» адамдар, «серый кардиналдар» пайда болгон.
Ошентип 2009-жылы башкаруу системасын реформалоонун алгачкы аракети жасалган. Ал үч этап менен ишке ашуусу керек эле. Адегенде борбордук органдар, андан кийин жергиликтүү администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруучулар. Бирок, 2010-жылдагы апрель революциясы ал реформанын аягына чыгышына тоскоолдук жараткан.
Эми кайрадан президенттик администрация түзүү менен кандай реформалар жасала турганын азырынча айтуу кыйын. Түшүнүктүүсү, жарым президенттик формадан толук президенттик формага өтүүдө президент жана премьер-министрде болуп келген эки аппаратты бириктирүү кадамы жасалып жатканы болуп турат. Бирок, ал кандайча ишке ашаарын азыр айта албайбыз.
Эгемендик алгандан берки 30 жыл ичинде эле 32 жолу өкмөттү алмаштырдык. Жылыш болгон жок. Министрликтерде бири-бирин кайталаган кызматтар бар экенин билип туруп деле, аларга көп көңүл бурбадык. Натыйжада эч кандай реформалар ишке ашпады.
Алдыңкы өлкөлөрдө Президенттин администрациясы эки бөлүккө бөлүнөт: президенттин кеңешчилер тобу жана жардамчылар тобу. Кеңешчилер тобу идеяларды, сунуштарды айтат, президентке алып кирет. Ал сунуш жана идеялар президентке жагып, колдоо тапса, аны жардамчылар тобу ишке ашырат. Андыктан кеңешчилер тобунда илимий жана саясий чөйрөдө, коомдук байланыштарда кадыр-баркы бар адистер болушу шарт. Жардамчылар тобунда ишти толук жүзөгө ашыра ала турган жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистер болушу шарт.
Бизде эми кандай болот? Буга чейинки айрым бийлик башындагылар өздөрүнө кеңешчи кылып, чала сабат айдоочуларды да дайындап келди. Болбосо, өзүнө жакын мамиледеги санаалаштарын дайындашты. Натыйжада эч кандай реформа жүрбөдү. Эми бүгүнкү бийликтин администрациясы кандай иш алып бараарын албетте убакыт көрсөтөт. Болгону мурдагы катачылыктары кайталап, жардамчылар кеңеш берип, кеңешчилер аны ишке ашырабыз деп кыйналбай тургандай болгону маанилүү. Ар кимиси өз функциясын так аткара билсе гана өлкөдө жылыш болот. Бири-биринин ишине башын сала берүү уланса, анда жылыш да, өнүгүү да болушу кыйын.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн