Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мамлекеттик баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу сатып алса болот

18.08.2023 16:56
747
Мамлекеттик баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу сатып алса болот


Кыргызстандын Финансы министрлиги мобилдик тиркеме аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Руслан Татиков «Кыргызстандын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана келечеги» аттуу конференцияда билдирди.


Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун негизги максаты фондулук биржада мамлекеттик баалуу кагаздар секторун өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу болуп саналат.


«Жакында мамлекеттик баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу сатып алууга болот. Кыргыз фондулук биржасы менен биргеликте MegaPay төлөм системасы аркылуу MEGA Investments кызматын ишке киргизип жатабыз. Бул брокердик компаниялар аркылуу баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн жаңы онлайн санариптик платформа болот. Тиркеменин колдонуучулары КФБ листинг процедурасынан өткөн корпоративдик акцияларга жана облигацияларга реалдуу убакыт режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деди Руслан Татиков.


КФБнын сайтында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (эмитент) тарабынан берилген мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) чыгаруунун алдын ала календары жума сайын жарыяланат. Бул потенциалдуу сатып алуучуларга МБК чыгаруунун параметрлери менен алдын ала таанышууга мүмкүндүк берет.


Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медетбек Назаралиев белгилегендей, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат жана коммерциялык банктардагы депозиттерге альтернатива боло алат.


"Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун мындан ары ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн маркет-мейкерлерди тартуу аркылуу ликвиддүүлүктү жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу/сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү аркылуу чекене жана институционалдык инвесторлордун базасын кеңейтүү. Эл аралык депозитарийлер (Clearstream, Euroclear) менен мамиле түзүү, институционалдык инвесторлор үчүн шарттарды түзүү жана мамлекеттин кириши аркылуу Кыргыз фондулук биржасынын жана борбордук депозитарийдин инфраструктурасын чыңдоо маанилүү”, - деп жыйынтыктады Медетбек Назаралиев.


Эскерте кетсек, 2023-жылдын май айынан тартып Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) соода аянтчасында мамлекеттик баалуу кагаздардын эки түрү жайгаштырылган: 12 ай мөөнөттөгү мамлекеттик казына векселдери (ГКВ-12) жана 2 жыл мөөнөттөгү мамлекеттик казына милдеттенмелери (ГКО-2).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн